БГУнун алдында белгилүү илимпоз Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылат

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз совет тилчиси, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, профессор Кусеин Карасаев. Архив
Кыргыз совет тилчиси, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, профессор Кусеин Карасаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Айкелди Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, скульптор Базарбек Сыдыков жасаган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек гуманитардык университетинин алдына коюлган кыргыз совет тилчиси, улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, профессор Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстеликтин ачылыш аземи 29-октябрда саат 10:00дө башталат. Айкелди Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, скульптор Базарбек Сыдыков жасаган.

Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2021
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган. 1916-жылы Кытайга качып, беш жылдан кийин кайра мекенине кайтып келген. 1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна окуганы кетип, ал жактан казак тилин өздөштүрөт. Бир жылдан соң "Эркин-Тоо" гезитине жумушка алынып, макалалардын орфографиясын текшерген.

Карасаев кыргызстандык көрүнүктүү илимпоздор менен жакшы мамиледе болуп, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиевдер менен көп эмгектерди жасаган.

Анын 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептери эл арасында "Карасай сөздүк" деп аталып келет. Окумуштуу 16 түрк тилинде жана араб, фарс, немисче эркин сүйлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0