Мэр Мамбетов Ош шаарынын туристтик брендин түзүү ниетин билдирди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Калаа мэри Ош шаарын Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандыруу ниетин ортого салды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВыступление артистов на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМэр Оша Алмаз Мамбетов и министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021 аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду - Sputnik Кыргызстан
2/5
Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМэр Оша Алмаз Мамбетов выступает на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген - Sputnik Кыргызстан
3/5
Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЛюди в национальной одежде на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВыступление артистов на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.
1/5
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
2/5
Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду
3/5
Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген
4/5
Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн
5/5
Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду.

Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген.

"Эки күндүк иш-чара шаарыбыздын туристтик багытына жана инвесторлорду тартуу иш-аракеттерибизге эбегейсиз чоң салым кошот. Тарыхый ордун эске алып Ош шаары Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандырууга ниеттенүүдө. Менимче, өзүбүздүн туристтик продукт жана саякат маркабыз шаарыбызга жүз миңдеген туристтерди тартат. Мунун аркасында биз мурдагы улуулугубузду жандандырабыз жана чакан, орто бизнестин, жалпысынан өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кубаттуу дем беребиз деп ойлойм. Анүчүн баарыбыз жапа тырмак шаардын тейлөө деңгээлин жана туристтик инфраструктурасын жакшыртуу үчүн аракеттерди көрөбүз", — деп айткан Мамбетов.

Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты
Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн. Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Аталган форум жана көргөзмө-жарманке эртең да улантылат.

Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатат. Аны Туризм департаменти жана Ош шаардык мэриясы эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0