Бычактын мизи менен комуз чертип, Сталинди таңданткан Атай Огонбаев. 15 факт

© Фото / Московская студия кинохроники РГАКФД / ЦГА КФФД КРКомузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив
Комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Атай Огонбаев накта улуттук өзгөчөлүктөгү обондорду чыгарган. Аларды комуздун коштоосунда угармандын жүрөгүн жибите жеткирген. "Күйдүм чок", "Эсимде", "Жаштар", "Гүл", "Ой, булбул", "Сагыныч" деген созолонмо ыргактагы лирикалык ырлары менен таанымал.

Огомбаевдин "Кара өзгөй", "Маш Камбаркан", "Чоң кербез", "Кыз кербез", "Чайкалма", "Ак тамак, көк тамак", "Эпкиндүү шыңгырама", "Маш ботой" ж.б. не бир керемет күүлөрү азыркы күнгө чейин ырчылардын репертуарынан түшпөй келет жана жер үстүндө кыргыз барда ырдала берчү, комуз барда чертиле берчү чыгармалардан.

Биз бүгүн кыргыздын айтым күүлөрүнүн ашкере чебери, музыкалык маданиятыбыздан өтө жаш кеткен комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огонбаев тууралуу 15 факт сунуштайбыз.

Таластын Көк-Кашат айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган мезгили 1900-жылдын 31-октябры деп көрсөтүлүп жүрөт. Чоң атасы Абеилденин Султанаалы, Огонбай, Тууганбай деген үч уулу болгон. Ошолордон Огонбай балбан, эпчил, ченемсиз күчтүү киши экен. Атайдын атасы Огонбай, апасы Күңөтай. Атай жашынан жетим калып, атасынын бир тууган агасы Султанаалынын кароосуна өтөт. Баланын багына Султанаалы окууну, талантты түшүнгөн адам болуп, Атайдын кат таанып, комуз алып, элге ырдап чыгышына шарт түзүп берет.

Биринчи устаттары. Жаш бала канчалык канында болсо да ага үйрөтүүчү, сүрөөнчү, насаатчы керек болот. Алгачкы устаты катары айылдашы Абдырахман Тербишалиевдин аты аталат. Ал эми эле күүлөрдү үйрөтө баштаганда каза болуп калып, атасы Огонбайдын да көзү өтүп, апасы Күңөтай айласын таппай өз атасы, баланын таятасы Жантакбайды эстейт. Ал киши күүлөрдү кыябына келтирип, комузду чебер черте билген адам экен. Жантакбай Жеңижокту оорусу болгону үчүн өлүмгө буйруган айтылуу Ташкарадан коркуп, комузду колго албаймын деген шерт менен Таластан Суусамырга жер ооп кетип, ал жакта кадимки кетмен-төбөлүк Керимбайдын коюн кайтарып жүргөн кези экен. Атайды апасы мына ошол таятасына алып келет. Адегенде небересине комуз үйрөтүүгө көнбөйт, деги эле өнөрпоз болушун каалабайт, бирок бара-бара ийип, "Саадат какты" деген айтым күүнү үйрөткөн экен. Ошентип Атай айылда атагы чыккан Абдыракман жана Субанаалыдан, таятасы Жантакбайдан күү чертүүнүн не бир сырларын үйрөнөт да, он төрт-он беш жашынан эл арасына чыгып өнөрүн көрсөтө баштайт. Дал ошол кезде айтылуу Айдараалы Жөргөлөк менен кездешет. 1851-жылы жарык дүйнөгө келген Бердишүкүр уулу Айдараалы Кара-Бууранын Чымкент айылында жашап, бул кезде пайгамбар жашынан ооп калган экен. Ал "Көйрөң күү", "Желпиме", "Ак куунун оттогону" ж.б. күүлөрдү аткарып жатып, өзү да колу-башын, оозу-мурдун кыйшаңдатып комуздун ыргагын мимикасы менен чебер айкалыштыра билген. Атай анын ошол күү чертүүдөгү кыймыл коштогон чеберчилигин мыктылап үйрөнөт. Дал ошол учурда өзү да күү чыгаруу менен алектенет. Айдараалынын "Керме-Тоо", "Шырдакбектин боз жорго", "Сатыбалды жалгызым", "Терме күү" деген күүлөрүнүн баянын айтып, аларды чертүүнү үйрөнөт.

Арабская каллиграфия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Ырда калган Даткайым. Мударис атыккан Молдо Нияз тууралуу 10 факты
Совет бийлигин орнотууга катышат. Жигиттик куракка келип, болуп-толуп турган кезде, 1922-жылы, аны өз айылында кедейлер болуштугуна шайлашат да, ал тап душмандарына каршы күрөшүү, жаңы большевиктер бийлигин мактап, элди ошол жакка тартуу иштерине катышат.

Токтогул Сатылгановго жолугушуусу. 1926-жылы, Токтогул Сатылганов Кетмен-Төбөдө жашап жүргөндө, Атай Огонбаев ага жолугуу үчүн атайын Таластан ат арытып барат. Дал ушул барышы, экөөнүн жолугушуусу кыргыз маданиятынын улуу күнү болгон, устат тапкан шакирт өз чыгармачылыгын жаңы нукка буруп, жаңы бийиктикке көтөрөт. Кетмен-Төбө, Таласта экөө ата-бала болуп ээрчишип, күү чертишип бирге жүрөт. Токтогул Сатылгановдун "Чайкама", "Ботой", "Кара өзгөй", "Армандуу чымчык", "Ак куу" деген күүлөрүн кандай чертүүнү өзүнөн үйрөнгөн Атай Огонбаев кийин устатынын бул чыгармаларын ар дайым аткарып жүрдү. 1932-жылы Токтогул Сатылгановдун жанына барып, бир жылдай дагы чогуу болушуптур. Токтогул Сатылгановдун өмүр соңунда чыгарган "Бала элем", "Карылык" деген ырлары акындын көзү өткөн соң дал ушул шакирти Атай Огомбаевдин оозунан жазылып алынып, түбөлүккө калтырылган.

Айылдан эле театрга артист болуп кирип калган. 1935-жылы Кыргыз ССРиндеги бирден-бир атактуу, чоң театралдык топ Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театры деп аталып, алар айылдарга тынбай гастролго чыгып турган. Мына ушундай чыгууларынын биринде Таласка барган, кечээ эле айыл-айылдан келип, эми артист аталып калган Муратаалы Күрөңкеев, Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Адамкалый Байбатыров, Шаршен Термечиков ж.б. өнөрпоздор Атайды сынап көрүшүп, ошол жерден эле музыкалуу драма театрына ырчы, комузчу, обончу, артист катары иштете баштайт. Музыкалык театрдын базасында 1936-жылы Кыргыз филармониясы уюштурулганда ал жамааттагы Петр Шубин жетекчилик кылган эл аспаптар оркестринде ырчы, комузчу болуп жумушун улантат.

Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт
Драмалык ролду да аткарган. Кыргыз театрларында алгачкы коюлган спектаклдердин бири Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасынын негизинде ишке ашырылган. Мына ошону кийин Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театры да сахналаштырганда Атай Огонбаев Болуш деген каармандын ролун жараткан, ал каарманы да ырчы-комузчу болгон.

Мүнөзү, келбети, жүрүш-турушу, кыялы, өнөрү. Атай Огонбаев адамда жок сулуу, сүйкүмдүү, шыңга бой, жазы маңдай, чап жаак, кызыл жүздүү, кара көздүү, капкара муруттуу жигит болуптур, андыктан да көрпө тебетейин кийип ырдап жатканда көптөгөн кыз-келиндин жүрөгүнө чок салчу экен. Оң жеңин чыканагына дейре түрүп коюп, комузга колу тийгенде үч кылына тил кирип, безеленип "сүйлөп жиберчү" экен. Куудулдук, сөзмөрлүк, чукугандай сөз тапкычтык жайы бар эле дешет, ыйманы ысык, ажары өзүнө тарткан, тамашакөй адам болуптур. Чычалап кетме жайы да бар эле дешет жакындан билгендер. Музыкалык угуусу өтө мыкты болгон, нотаны билбей эле оркестр менен кошо комузун ойноп, кийин нота менен ойноого да жетишип алыптыр. Виртуоз комузчу төрт манжасы менен да, бир-бирден да, колунун сырты менен да, колун ийип, чоюп да, бурап да, комузду ийнине коюп да, сол колдоп да, оң колдоп да, белинен айландырып келип да черте берген. Анын комуз чертүү техникасына ал жашаган мезгилде да, андан кийин да эч ким жетпеди.

Комузда кол ойнотуп жатып бычактын мизи менен чертип кеткенде... 1939-жылы СССРдин борбору Москва шаарындагы Чоң театрда Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү өтөт. Ошондо Атай Огонбаев баш болуп, калгандары Бейшеналы Кулболдиев, Секенбай Айманбетов, Шекербек Шеркулов деген дагы бир топ он үч-он төрт жаштагы балдар нота карабай "Маш ботой" күүсүн чертет, чертип келе жатып эле күтүлбөгөндөй "оп-па" дей коюшуп, комуздарын бирдей эки ийинине алмак-салмак коёт, бирде чекеге коюп чертет, анан аркадан өткөрүп, алдына алат, ушинтип ойноп черткенин улантат. Бул өнөрү менен москвалыктарды бир таң калтырса, андан кийин сахнага чыккан Атай Огомбаев өзүнүн "Ак тамак, көк тамак" деген күүсүн төрт кыл тагылган комузда кол ойнотуп кирет. Ал окуя тууралуу ошол концерттин алып баруучусу Ашыраалы Боталиев кийин 1974-жылдын 10-январындагы "Ленинчил жаш" газетасында мындай эскерет: "Бир нече номерден кийин кезек Атай Огонбаевге келди. Мен сахнага чыгып кезектеги номерди кулактандырып, бир отургуч, бир табуретка койдум. Атай сахнага чыгып келип, отургучка отурду да комузун толгоп, "Ак тамак, көк тамак" деген күүсүн колун эбелектетип черте баштады. Бир маалда табуреткада турган бычакты ала коюп, чертип кирди дейсиң, электрдин жарыгына бычак чагылышып, ого бетер кереметтүү болуп көрүндү. Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө салып кол чаап жиберди. Зал дүркүрөтүп коштоп кетти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп "сөөк жок экен десем, бар тура" деп таңданды".

Сталиндин баалуу сыйлыгын алган. Ошол 1939-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндөгү комузу менен көрсөткөн Атай Огонбаевдин өнөрүн СССРдин Коммунисттик партиясынын жетекчиси Иосиф Сталин өзү жогору баалайт. Эмгек Кызыл Туу орденин көкүрөккө такса, колуна 50 миң сом жана үч коробка күмүш кашык карматат, өмүр бою деп сталиндик стипендия ыйгарат.

Сыйлык артынан сыйлыктар. 1939-жылы ага Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы ыйгарылат, Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилет, өзү түзгөн комузчулар ансамбли менен элдик аспаптарды аткаруучулардын бүткүл союздук конкурсунда биринчи сыйлыкка – лауреаттыкка жетишкен, Орто Азия республикаларынын советтик музыкаларынын декадасына 1942-жылы, кийин 1944-жылы чоң ийгилик менен катышкан.

Белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Окуу үчүн Алматыга жөө жеткен. Композитор Абдылас Малдыбаев жөнүндө 8 факты
Кырк жашында окууга барган. 1940-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Анын музыкалык сабатынын жоктугу эске алынып, Москвада СССР композиторлор союзу уюштурган музыкалык курска угуучу болуп кабыл алынат. Ал жерде С.С.Прокофьев, В.М.Глиэр сыяктуу атактуу орус композиторлору музыкалык сабаттуулукка үйрөтүп, музыканын теориясынан жана тарыхынан сабак берет. Ошол жерде кара күүлөрдүн залкар устасы Карамолдо Орозов менен кошо окуйт.

Эки жолу суракка алынган. 1930-жылдын күз айларында айылындагы тамынын алдына түн ичинде бирөөлөр эки боо буудай таштап кетет да, милицияга кабарлап коюшат. Ал мезгилде мындай кылмыш үчүн социализмдин душманы деп түрмөгө камашкан. Таң атпай суракчылар келип, иши сотко өтүп кетет. Сот аны түрмөгө отургузбай, чачтарачтын алдына отуруп элге күү чертип, ыр ырдап берсин деген өкүм чыгарат. Ызаланган комузчу зайыбын ээрчитип Кетмен-Төбөгө жер ооп кетип, эки жыл ошол жакта жашайт. Экинчиси – 1938-жылдын 6-июлунда Ново-Покровка абагында жаткан Аймамбет Ташиев деген адамдын Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун башчысы Жоомарт Бөкөнбаевге жазган катынын негизинде "Күйдүм чок", "Эсимде" деген ырлардын авторлугу боюнча сурактар. Жогорудагы аты аталган киши аталган ыр менин ырым эле, "Эсимде" болсо Токтогулдун ыры эле, аларды Атай өзүнүкү кылып алган деп жазган арызын текшерүү үчүн Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев сыяктуу атактуу ырчылар, кетмен-төбөлүк ондогон өнөрпоздор түшүнүк кат берет. Акыры 1938-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин алдындагы Искусство иштери боюнча башкы башкармалагынын курамына Петр Шубин, Темиркул Үмөталиев, Молдогазы Токобаев ж.б. адистер кирген комиссиясы "Күйдүм чок" деген ырдын обону Атай Огомбаевдики, сөзү элдики деп табылсын деген чечим чыгарат.

Акын комуз менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Бирөөнүн келини болгон Көксулууну кайра алдыртып. Жеңижок акын жөнүндө 11 факты
Үй-бүлөсү. Атай Огонбаевдин биринчи аялы Жумагүл жашыраагында эле кандайдыр бир түшүнүксүз оорудан улам көз жумат, андан Саадат, Саадакан деген кыздар төрөлөт, экинчи аялы Шайымкан, андан төрөлгөн бир кызынын атына өзүнүн ырынын ысымын берип Ойбулбул атаган, дагы бир кызынын аты Саясат, үчүнчү зайыбы Орунбүбү. Үч аялдан тең төрөлгөн эркек балдары турбай жүрөт, Орунбүбүдөн Гүлжеңиш деген уулдуу болуптур, бирок ал эки жаштан өтүп каза болуп калат, акыры Таластагы балдар үйүнөн жети жашар бир баланы асырап алып, аны Кудайберген деп атаган.

Таласка кайра барышы. Атай Огонбаев катуу ооруп калат. Жалпы эл ага көз тийди деп айтышкан. Баягы мукам, шаңдуу үнү жоголот. 1947-жылы Фрунзедеги жумушун таштап Таласка кетет. Эски үйү кароосуз калган. Боз үй тигип жашайт. Акыры көпчүлүк эки бөлмөлүү таш үй салып берет. Оорусунан айыга албайт, 1949-жылдын 20-декабрында көз жумат.

Атай Огомбаевдин ысымы эскерилип турат. Талас облусунун Талас районундагы Калба айыл өкмөтүндөгү айылга, Кырк-Казык мектебине, Бишкек жана Талас шаарындагы бирден көчөлөргө анын ысымы ыйгарылган, 2000-жылы ага арналып почта маркасы чыгарылган, музыка таануучу В.Виноградов "Атай Огонбаев" (Москва, 1960) деген китебин, жазуучу Касым Каимов "Атай" көркөм-биографиялык романын, Аскар Түлөев "Атай" аттуу симфония жазган. Чыгармаларын жана өмүрүн музыка таануучу Балбай Алагушов ар тараптуу изилдеген. 2001-жылы Таласта музейи ачылган. Өз кезегинде Атайдын өзүнүн аткаруусунда төрт ыры Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып калган, көпчүлүк чыгармалары Шекербек Шеркулов, Асылбек Эшмамбетов, Мейилкан Козубекова ж.б. таланттуу шакирттеринин аткаруусунда улуттук мурас катары кылымдарга сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0