5 миң киши чуркаган марафондон түшкөн каражат кайда жумшалат. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМарафондун катышуучулары. Архив
Марафондун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафонунун уюштуруучулары андан түшкөн акчага егерлерге автоунаа сатып баерүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирсти сактоого багытталган эл аралык Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафону өттү.

Иш-чарага 5 миңден ашык киши катышты. Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулат. Былтыркы марафондогу каражатка ар бири 500 доллардан турган 35 фотокапкан сатып алынган. Быйыл уюштуруучулар уюмдун жетекчилери жана токойчулар үчүн эки "Нива" автоунаасын алып берүүнү көздөп жатат. Анткени аларга тоолуу аймактарда жөө жүрүү кыйынчылык жаратууда.

Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашты. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар да катышты. 10 жаштан жогорку балдар 1 чакырымга, 14 жаштан өткөндөр 5 чакырымга чуркады.

Жаңылыктар түрмөгү
0