Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу

© AP Photo / John LocherКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Мушкер күнөстүү Кыргызстанына саламын айтып жана колдоосу үчүн бардык орус тилдүү өлкөлөргө ыраазчылыгын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин октагондо туруп берген маегинде Кыргызстанга салам жолдоп, ыраазчылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

"Күнөстүү Кыргызстаныма салам жолдойм, бардык орус тилдүү өлкөлөргө. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Мен сиздерди жакшы көрөм жана урматтайм!" — деди Шевченко.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

33 жаштагы Шевченко буга чейинки кармашында эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын бешинчи ирет коргогон.

38 жаштагы Мерфи 2009-жылы жиу-житсу ийримине баласын алып барып, ошондон кийин өзү да спортко баш-оту менен кирип кеткен. Жарым жылдан кийин ММА эрежелери боюнча алгачкы кесипкөй мелдешин өткөргөн. Андан бери 19 ирет рингге чыгып, 15 жолу жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0