Кыргызстанда бир күндө 56 адамдан COVID аныкталып, бир киши каза тапты

© REUTERS / Maxim ShemetovОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 508 бейтап жатат, ал эми үй шартында 824 киши дарыланууда. Каза болгон адамдын вакцина албаганы белгиленди.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында 56 адамдан коронавирус аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек - 29;
  • Ош шаары - 1;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 4.

Пандемия башталгандан бери жалпысынан 178 258 кыргызстандык COVID жуктурган.

Бишкектеги бет капчан киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Министр: өзүнө ишенип вакцина албаган жаштар карыларга оору жугузуп жүрөт
Ал эми бир сутка ичинде 84 адам айыгып чыкты, ушуну менен ооруну жеңгендердин саны 172 848ге жетти.

Тилекке каршы, бир адам каза болгон. Ал COVID-19га каршы вакцина албаган деп белгиленет. Кооптуу вирустан ажал тапкандардын саны 2 600 адамды түздү.

Азыркы тапта ооруканаларда 508 бейтап жатат, ал эми үй шартында 824 киши дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0