Мамлекет Нариман Түлеевге "Каравандын" бир бөлүгүн кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева
Пресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Ленин райондук соту Түлеевдин мүлктү конфискациялоо тууралуу 2013-жылдагы өкүмдүн аткарылышын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин менчигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусундагы "Караван" соода борборунун жертөлөсүнүн бир бөлүгү жана соода борбордун 1-кабатынын бир бөлүгү кайтарылды. Бул тууралуу аталган фонд кабарлады. 

Ага ылайык, Ленин райондук сотунун ушул жылдын 17-сентябрындагы аныктамасы менен Нариман Түлеевдин соттун мүлктү конфискациялоо тууралуу 2013-жылдын 29-июлундагы өкүмүнүн аткарылышын жокко чыгаруу боюнча арызы толугу менен канааттандырылды.

"Натыйжада Биринчи май райондук сотунан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна документти аткаруу сунушу келип түшкөн. Анда "Караван" соода борборун 10 жумуш күндүн ичинде "Ташболот Холдинг" ЖЧКсынын менчигине кайтарып берүү зарылдыгы көрсөтүлгөн. Ошентип Нариман Түлеевдин менчигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусунда болуп келген соода борбордун жертөлөсүнүн бир бөлүгү жана соода борбордун 1-кабатынын бир бөлүгү кайтарылды", — деп жазылган маалыматта.

Бишкектеги MegaCom имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Парламент MegaCom компаниясын менчикке сатууга макулдук берди
Аны менен бирге Түлеев ыктыярдуу түрдө "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" балансына Бишкектен 11 батирди өткөрүп берген. Алар "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында өлкөнүн муктаж жарандарына берилери айтылат. Бул чечим калктын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Түлеевге таандык "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына 2017-жылы өткөн. Андан сырткары, Үмөталиев менен Токтогул көчөлөрүндөгү киши жашабаган жайлар да мамлекеттин эсебине алынган. Мындай кадамдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июнундагы жана 2014-жылдын 23-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы чечимдеринин негизинде жасалган.

Андан кийин соодагерлер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун "Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюусуна каршы чыгып, бир нече митинг өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0