Мамлекеттик кызматкерлер Япониядан магистратураны окуй алат. Шарт-талабы

© Фото / Pixabay / StartupStockPhotosРабота в офисе
Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Окууга 40 жашка чейинки, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгек тажрыйбасы эки жылдан кем эмес Кыргызстандын жарандары жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери Япониянын университеттеринен магистр даражасын ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ушул тапта 2022-2023-окуу жылына JDS программасы боюнча окууга кабыл алуу жарыяланды.

"Окууга 40 жашка чейинки, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгек тажрыйбасы эки жылдан кем эмес Кыргызстандын жарандары жөнөтүлөт. Ошондой эле жогорку билимге ээ болуп (бакалавр даражасы же адистик боюнча диплом), керектүү деңгээлде билиши керек", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Быйыл 7 эле адам кадрлар резерви аркылуу мамлекеттик кызматка дайындалды
Программага катышуу үчүн арызды толтуруп, документтерди даярдоо зарыл. Андан кийин аларды 12-ноябрь саат 16:30га чейин JDS долбоорунун Бишкек шаарындагы кеңсесине тапшыруу керек.

Арыз берүү үчүн документтерди (арыздын формасы, арыз толтуруу боюнча колдонмо жана башка формалар) JDS долбоорунун офисинен, Мамлекеттик кадр кызматынан, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кадрлар бөлүмүнөн же www.jds-scholarship.org сайтынан алууга болот.

Кошумча маалымат үчүн JDS JICE долбоорунун Эркиндик проспектиси 64Б дарегиндеги офисине кайрылуу керек. Байланыш номери 0550 026 333, 0555 818 618.

Жаңылыктар түрмөгү
0