06:10 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
134110

Учурда жол тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери октябрдын башында аяктамакчы.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек — Ош унаа жолунун тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды", — деп жазылган маалыматта.

Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин белгилеген.

  • Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики Улукбек Марипов проинспектировал ход ремонтных работ на участке автодороги Бишкек-Ош (южная сторона перевала Тоо-Ашуу).
    Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек — Ош унаа жолунун тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Автомобиль едет на новом асфальтобетонном покрытии на участке автодороги Бишкек-Ош (южная сторона перевала Тоо-Ашуу)
    Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Автомобиль едет на новом асфальтобетонном покрытии на участке автодороги Бишкек-Ош (южная сторона перевала Тоо-Ашуу)
    Учурда Төө-Ашуудагы жолдун тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек — Ош унаа жолунун тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда Төө-Ашуудагы жолдун тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктай турганы айтылат. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.

Тема боюнча

Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда чет элдик компания жол куруп жатабы? Расмий жооп
Министрлер кабинети: сугат объектилерин оңдоого 100 млн. сом бөлүнөт
Белгилер:
Төө-Ашуу, Бишкек - Ош жолу, Улукбек Марипов, курулуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ