Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги

© REUTERS / STRINGERКабул аэропортундагы Талибан кыймылынын мүчөсү
Кабул аэропортундагы Талибан кыймылынын мүчөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Экс-элчи дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери талибдерден коркпой, жарандарды сооттолгон унаа менен коопсуз жерге чыгарганын айтты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкерлеринин бири сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул тууралуу мурдагы элчи Мирослав Ниязов билдирди.

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов
Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов

Анын айтымында, талибдер Кабулду алып жатканда 26 кыргызстандык эвакуацияланган.

"Тогуз мекендеш борбордон анча алыс эмес жердеги эки базада калып калган. Ал жакта башаламандык болуп кеткен, эл тосмодон ашып учакка жетүүгө далалат кылган. Көпчүлүк, анын ичинде кыргызстандыктар, талибдер келгенде базадан чыга албай калган", — деген Ниязов.

Анын айтымында, эвакуацияны элчиликтин жаш кызматкери Нурлан Орузбаев жүргүзгөн.

Талибан* кыймылын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Экс-элчи Ниязов: талибдер мурдагыга караганда алда канча жумшак болот
"Өзү ооруп жатканына карабай биздин жарандарды Кыргызстан менен Казакстандын элчиликтеринен чогулта алды. Баса, казакстандык кесиптештерге да ыраазычылыгымды айтам. Бирок тогуз киши согуштук аракеттер болуп жаткан базада калып калган. Нурлан ал жакка сооттолгон унаа менен кирип, мекендештердин баарын алып чыккан. Аларды коопсуз жайга алып чыгуу үчүнчү аракетте, тагыраагы, талибдер чыгууга коридор уюштурганда ишке ашты", — деди мурдагы элчи.

Ал талибдер кызматкерди курал менен коркутуп, элди эмне максатта чыгарып баратканын түшүндүрүүнү талап кылышканын белгиледи.

"Биздин кесиптеш эр жүрөк экен, бардыгын коопсуз жайга, ошол маалда "Талибандын"* кайтаруусунда болуп калган "Серена" мейманканасына алып бара алды. Нурлан баатырдык кылды деп ойлойм, мен аны отставкага чейин Эрдик медалына көрсөткөм", — деди Ниязов.

Нурлан Орузбаев ошол убакта Кабулдагы дипломатиялык миссияда жалгыз кызматкер болчу. Кеңешчи эмгек өргүүсүнө чыкса, Ниязов өзү Бишкекте ооруканада дарыланып жаткан.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0