COVID статистикасы: 500дөн ашык киши ооруканада жатат

© AP PhotoОоруканада COVID-19 менен ооруган адам
Ооруканада COVID-19 менен ооруган адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде эки киши көз жумду. Аларды кошкондо Кыргызстан боюнча коронавирус башталгандан бери көзү өткөндөрдүн саны 2 597ге жетти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 87 кишиден коронавирус аныкталып, 92 киши оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 41;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 178 123кө жетип, анын ичинен 172 657 киши дартты жеңген.

Бир суткада эки киши көз жумду. Аларды кошкондо Кыргызстан боюнча коронавирус башталгандан бери көзү өткөндөрдүн саны 2 597ге жетти.

Стационарда 535 жана амбулатордук шартта 858 адам дарыланып жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0