Бишкектиктер шаардык кызматтарга 1,1 млрд. сом карыз. Текшерүү башталат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖусуп Баласагын бирмиң сом купюрада. Иллюстративдик сүрөт
Жусуп Баласагын бирмиң сом купюрада. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Аудиторлор эми "Тазалык", "Бишкек жарык", "Бишкек асфальтсервис" жана башка муниципалдык органдардын иштерин текшермекчи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаанын муниципалдык бир катар ишканаларында 1,1 миллиард сомдон ашуун дебитор карыз топтолуп кеткен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Муниципалитеттен жогорудагыдай абал аталган ишканалардын өз милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан жана зарыл болгон көзөмөлдүн жоктугунан улам түзүлгөндүгүн айтты.

Дебитордук карыздар эмнеге мындай суммага чыгып кеткендигин билүү үчүн мэрия "Тазалык", "Бишкек жарык", "Бишкек асфальтсервис", "Бишкектеги автоунаа токтоочу жайлар", Шаардык чарба департаменти жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканаларына аудитор чакырып, текшертмей болду.

Маалыматта мындай текшерүүлөр шаардагы башка кызматтарга да жүргүзүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0