15:24 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
144 0 0

Мэрия кызматтык машина катары пайдалануу үчүн мурда сатып алынган автоунааларды баланска өткөрүүнү каалаган. Шаар бийлиги бир катар сындардан кийин оюнан кайтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы 2010-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser Prado жолтандабас автоунаасын муниципалдык менчикке алуудан баш тартты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев коомдук пикирди эске алуу менен Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун чакыртып алууну тапшырган. Эми жолтандабас Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүп берилет.

Окуянын тарыхы

20-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтында мэрияга Мамлекеттик мүлк фондунан ак түстөгү автоунаа алууга уруксат берүүчү токтомдун долбоору чыккан. Анын баштапкы баасы 5,3 миллион сомду түзгөн. Демилге мэрияда өкүлчүлүк класстагы муниципалдык автоунаалардын жоктугу менен негизделген. Алар Toyota  автокөлүгүн кызматтык унаа катары колдонууну пландашкан.

Социалдык тармакта бул идея катуу сынга кабылган. Анда  Жунушалиев мэр кызматына келери менен өзүнө ыңгайлуу жолтандабас алууну чечти деген нааразы пикирлер айтылган.

Тема боюнча

Бишкек вице-мэри Акылбеков кызматтан бошотулуп, ордуна жаңы жетекчи дайындалды
Бишкек мэри: шаардык кызматтар финансылык милдеттемелерине так болушу керек
Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасы түзүлөт
Белгилер:
Бишкек мэриясы, кызматтык унаа, Toyota, сатып алуу, баш тартуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ