15:41 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
147 0 0

Куттуктоодо Жапаров мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журттун, өзгөчө, жетекчи-аткаминерлердин жана мамлекет башчыларынын тынымсыз камкордугу зарыл экенин айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт экенин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналарын белгилеген.

"Тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт. Ушул өңүттөн алып караганда, мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна ар бирибиз салым кошуп, сапарлаш болуубуз зарыл. Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бизге каалоо гана керек. Биз, өзүбүз үлгү бололу деп азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп баштадык. Мындан сырткары, дагы бир топ иш пландар бышып жетилип турат. Ошондуктан бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам", — деди Жапаров.

Ал мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журттун, өзгөчө, жетекчи-аткаминерлердин жана мамлекет башчыларынын тынымсыз камкордугу зарыл экенин айткан.

Торжественное мероприятии, посвященное 23 сентября Дню государственного языка в ведомственном детском саду Наристе
© Фото / пресс-служба Генеральной прокуратуры КР
"Демек, биздин тилек — өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп иштейли деген табигый талап. Себеби кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы", — деген мамлекет башчы.

Жапаров эгемен Кыргызстандын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан, ааламда теңдеши жок "Манас" дастанын жараткан улуу тил экенин белгилеген.

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын кабыл алган.

Тема боюнча

Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарды сыйлады
Депутат: Жапаров бизди "легендарлуу парламент" деп атап, жогорку баасын берди
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, куттуктоо, Кыргызстан, тил

ЭҢ МААНИЛҮҮ