Жалал-Абадда жер силкинди

© AFP / FREDERICK FLORINСейсмология институтун кызматкери. Архив
Сейсмология институтун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Жер титирөө Токтогул районунун бир катар айылдарында сезилген. Алдын ала берилген маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын  ӨКМден кабарлашты. 

Жер кечээ, 22-сентябрь күнү, саат 22:07де силкинген.

Анын күчү Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 баллга чейин, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Министрликтин алдын ала берилген маалыматына таянсак, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0