Канттагы аскер базасы көп балалуу жалгыз бой энеге жардам берди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкери жардам көрсөтүү учурунда
Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкери жардам көрсөтүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкерлери бир топ убакыттан бери аз камсыз болгон бүлөлөргө эле эмес, балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкерлери Баткен согушунун ардагеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган базанын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкерлери Баткен согушунун ардагеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү
Канттагы аскер базасы көп балалуу жалгыз бой энеге жардам берди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкерлери Баткен согушунун ардагеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү
"Аскерлер 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучусунун турмуштук оор абалда калган үй-бүлөсүнө жардам берди. Аскер мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жубайы Бермет Жакаева жети баласы менен калган. Кенжеси үч жашка чыга элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Аскерлер Канттагы Россиянын аскер базасынын Александр Невский храмынын алдындагы "Милосердия" бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте үй-бүлөгө азык-түлүк, кийим-кече жана зарыл болгон буюмдарды жеткирип берди.

Канттагы Россиянын бириктирилген аскер базасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери аз камсыз болгон бүлөлөргө эле эмес, балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0