11:40 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17910

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында эмгектенген 25 кыргызстандык техниканы өз каражатына сатып берген. Бул үчүн алар 50 миң доллар сарпташкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандыктар Баткен облусундагы ооруканаларга эки тез жардам унаасын белек кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машины скорой помощи подаренные больницам в Баткене, мигрантами из Южной Кореи. 22 сентября 2021 года
© Фото / Зульфия Тургунова
Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандыктар Баткен облусундагы ооруканаларга эки тез жардам унаасын белек кылышты

Маалыматка ылайык, Түштүк Корея өлкөсүнүн Инчхон шаарында эмгектенген 25 кыргызстандык техниканы өз каражатына сатып берген.

"Автоунаалардын ар бири 17 миң доллардан сатып алынды. Бирок жол киресин кошкондо баасы 25 миң долларга чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Эми унаалар президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан муктаж болгон райондук ооруканаларга тапшырылат.

Мындан сырткары, мигранттар Тажикстан тарабынан куралдуу кол салууда жабыркаган Баткен элине азык-түлүк жана кийим-кече жиберген.

Тема боюнча

Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы

ЭҢ МААНИЛҮҮ