Кыргызстандагы жаңы Калкты тейлөө борборлорунун дареги

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Республика боюнча жаңы форматта иштеген 31 Калкты тейлөө борбору бар. Алардын ичинен үч чакан борбор Бишкек шаарында, бири Кара-Сууда жайгашкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги үстүбүздөгү жылы ачылган калкты тейлөө борборлорунун деректерин эске салды.

Республика боюнча жаңы форматта иштеген 31 Калкты тейлөө борбору бар. Алардын ичинен үч чакан борбор Бишкек шаарында, бири Кара-Сууда жайгашкан.

Даректер:

  • Бишкек шаарында — №4 калкты тейлөө борбору, Жибек Жолу проспекти, 381;
  • Ноокат районунун Ата-Мерек айылы, Рысбаев, көчөсү 40;
  • Кара-Суу шаары, Ленин, көчөсү 163;
  • Кара-Суу шаары, Меж көчөсү, 6;
  • Кадамжай шаары, Орозбеков көчөсү, 200;
  • Исфана шаары, Кошмуратов көчөсү, 4/2;
  • Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көчөсү (номери жок);
  • Нарын облусунун Ат-Башы айылы, Жунусов көчөсү, 7а;
  • Жалал-Абад шаары, Алыкулов көчөсү, 1.

Жыл аягына чейин министрлик калкты тейлөө үчүн дагы алты борбор ачууну пландап жатат.

Алар:

  • Ош облусунун Араван айылында;
  • Ысык-Көл облусунун Түп айылында;
  • Чүй облусунун Кемин шаарында;
  • Кызыл-Суу айылындагы Калкты тейлөө борборунун имараты кеңейтилет;
  • Чүй облусунун Таш-Дөбө айылы;
  • Чүй облусунун Новопавловка айылында болот.

Министрликтен билдиришкендей, ар бир борбордо күтүү залынан ташкары эне-бала үчүн бөлмөлөр ачылган.

Баса, Калкты тейлөө борборлору оpen space форматында иш алып барат. Жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0