Марипов Мишустинге телефондон көңүл айтты

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүЗаседание Евразийского межправительственного совета стран ЕАЭС в Алматы
Заседание Евразийского межправительственного совета стран ЕАЭС в Алматы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин башчысы Пермдеги окуяга байланыштуу кесиптешине көңүл айтып, эки өлкөнүн кызматташтык алакасын талкуулады.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия элине Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетиндеги адам өлүмү менен коштолгон куралдуу кол салууга байланыштуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Марипов кесиптеши Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө ал кырсыктын натыйжасында жабыркагандардын айыгып кетишин каалады.

"Сүйлөшүү алкагында алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтүүчү өкмөт башчылар деңгээлиндеги жолугушууларды талкуулады", — деп айтылат билдирүүдө.

Марипов, ошондой эле, кесиптешин 2021-жылдын 17-19-сентябрында өткөн Мамлекеттик Думага шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0