Бишкек мэри: шаардык кызматтар финансылык милдеттемелерине так болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэри Айбек Жунушалиев
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев мэриянын алдындагы кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек шаары ири көлөмдө карызга батты жана бересенин басымдуу бөлүгүн кыска мөөнөт ичинде кутулуу зарыл. Бул тууралуу калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев мэриянын алдындагы кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп жатып билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, Жунушалиев жетекчилерден өз ишине жана финансылык милдеттемелерге так болууну талап кылды.

Ошондой эле ал район жетекчилерине күн сайын оңдолуп жаткан көчөлөрдү текшерип, иштин убагында тапшырылышын көзөмөлдөөсүн талап кылды. Калаа жетекчиси бул кадамдар жол тыгынын жоюуга жардам берерин айтты.

Мындан тышкары жыйында "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ишмердиги тууралуу отчёт угулуп, жыйынтыгында мекеменин ишин жакшыртуу боюнча планды иштеп чыгууга бир апталык убакыт берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0