Эртең Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. График

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Түндүк электрдин" кызматкери оңдоо иштер учурунда. Архив
Түндүк электрдин кызматкери оңдоо иштер учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең, 22-сентябрда, Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-13:00 — Ак-Босого конушунда;
  • 9:00-18:00 — Манас проспектисинин бир бөлүгүндө, Абдумомунов, Фурманов, Севастопольский, Шота Руставели, Целинное, Сухомлинов, Московский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30-14:00 — Широкий, Томск, Зайсанский, Львов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Тушинский туюк көчөсүндө;
  • 9:30-19:00 — Саратовский, Пархоменко, Фрунзе, Комсомольский, Буденный, Салиева, Шайыр, Тульский, Сводобный, 8-Март, Элебесов, Семипалатинский, Арычный, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде жана Грозненский туюк көчөсүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0