Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө келип туруу милдеттемесин алып сурактан чыкты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив
Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Буга чейин УКМК Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө дайыма келип турууга милдеттендирилип сурактан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Сооронбай Жээнбеков сурак берип чыкты
Атайын кызмат Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган. Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.

Андан мурдараак саясатчы бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМге сурак берип чыккан.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0