Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт

© Фото / предоставлено Tobias MarschallШвейцариялык антрополог Тобиас Маршалл
Швейцариялык антрополог Тобиас Маршалл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Швейцариялык антрополог Тобиас Маршалл (Tobias Marschall) бир нече жыл Афганистандын Памирине каттап, этникалык кыргыздардын жашоо-турмушун изилдеген. Окумуштуу ал жактагылар менен жакшы мамиледе болуп, кыргыз тилин да өздөштүрүп алган.

Учурда Швейцариядагы Эл аралык мамилелер жана өнүгүү институтунда иштеп жаткан илимпоз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Тобиас, Памирдеги кыргыздарды илимий изилдөөңүзгө эмне түрткү болду?

— Бир жолу Кыргызстанда саякаттап жүрүп Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылындагы музейге барып калдым. Ал музейден Афганистанда этникалык кыргыздар жашай турганын билдим. Ошондон кийин 2015-жылы Афганистандын Памирине атайын барып, алгач Кичи Памирде, андан соң Улуу Памирде болдум. Ал жактагы кыргыздардын жашоо-турмушу, каада-салты, күнүмдүк турмушу мага өтө кызык эле, өз көзүм менен көргүм келчү. Ошентип изилдөөм башталып калган.

© Фото / Tobias MarschallШвейцариялык антрополог Тобиас Маршалл: Эң негизгиси — памирлик кыргыздардан согуш аракеттери токтобогон өлкөнүн шартында жашоону үйрөндүм.
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Швейцариялык антрополог Тобиас Маршалл: Эң негизгиси — памирлик кыргыздардан согуш аракеттери токтобогон өлкөнүн шартында жашоону үйрөндүм.

— Жергиликтүүлөр сизди кандай кабыл алышты?

— Памирге биринчи жолу баргандан кийин 2019-жылга чейин жыл сайын эки-үч айга каттап жүрдүм. Чындыгында памирлик кыргыздар жөнүндө илимий изилдөө кыйынчылыктар менен коштолду. Башында ал жактагылар сырттан келген чет элдик катары кооптонуп, тынчсызданып, кабыл алгысы келген жок. Ортодо түшүнбөстүктөр да болду. Мисалы, малынын санын сурайм. Алар жооп бергиси келбей "билбейм" же "көп" деп коюшчу.

— Менимче, сиз ал жакта белгилүү убакыт жашап да жүрдүңүз, памирликтердин эмнеси таң калтырды?

— Алгач Памирге барганда өзүмдү жакшы жагыман көрсөтүүгө аракет кылдым. Мага жергиликтүү аксакалдар "сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң. Же жардам бербейсиң, же акча бербейсиң" дешчү. Мен аларга "силер жөнүндө китеп жазам" десем, "ал китептин бизге эмне пайдасы бар" деп нааразы болуп калышчу. Кийин алардын каттарын, аманаттарын ташып жүрүп мамилебиз оңолду. Акыркы жолу 2019-жылы кышында барганда үч кой союп, катуу сыйлап, белек беришкен. Ага чейин камерага тартып, маек куруп кыргызстандык журналисттерге бергем. Кыргызстандагы саясатчылар менен байланыш түзүп, аларга көңүл бурууга, жардам берүүгө ортомчу болдум. Азыр деле алар менен мобилдик телефон, социалдык тармактар аркылуу байланышып турам. Коронавирустун айынан Памирге такыр бара албай калдым. Буюрса, Афганистанда абал турукташып, пандемия өтүп кетсе башка долбоорлор менен изилдөөлөрдү жасайм. Эң негизгиси — памирлик кыргыздардан согуш аракеттери токтобогон өлкөнүн шартында жашоону үйрөндүм.

© Фото / Tobias MarschallАилимий ишимде Памирдеги кыргыздардын миграциясын, күнүмдүк жашоо-турмушуна кеңири кайрылдым. Алардын кантип барганын, чарбачылыгын, санжырасын изилдедим.
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Аилимий ишимде Памирдеги кыргыздардын миграциясын, күнүмдүк жашоо-турмушуна кеңири кайрылдым. Алардын кантип барганын, чарбачылыгын, санжырасын изилдедим.

— Памирдеги кыргыздар улуттук каада-салт, үрп-адаттарды канчалык деңгээлде сактап калган? Өзгөчө эмнелерди байкай алдыңыз?

— Мен өзүмдүн илимий ишимде Памирдеги кыргыздардын миграциясын, күнүмдүк жашоо-турмушуна кеңири кайрылдым. Алардын кантип барганын, чарбачылыгын, санжырасын изилдедим. Салт жөнүндө айтсам, кыргыздардын Памирди байырлаганына жүз жылдан ашты. Ортодо Түркиянын Ван өрөөнүнө, Пакистанга да качкан мезгилдери болду. Кыргызстандагы улутташтарынан көп деле айырмаланбайт. Бир жолу боз үйдө Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөр оюнун көрүп калдык. Көк бөрүнү көрүп бул эмне деген оюн деп менден сурашканы эсимде. Алар кыргызга тиешелүү кээ бир нерселерди сактап калса, кээ бирин унутуп коюшкан, себептерин так айта албайм. Негизинен кийим-кече, тамак-ашы ошол эле боюнча.

— Памирдеги кыргыздар бийик тоолуу аймакта жашап медицинага, социалдык колдоого муктаж экенин көпчүлүгүбүз билебиз. Дагы көпчүлүк биле бербеген кандай көйгөйлөр бар?

— Кыргызстандагы түрдүү жалпыга маалымдоо каражаттары "ал жактагы этникалык кыргыздарды мекенине алып келиш керек" деп жазып калышат. Ошол эле маалда алар эмнеге көнгөнүн, эмнени эңсеп турганын толук билишпейт. Ошондуктан "аларды алып келүү зарыл, көчүрүү керек" деген маселени көтөрүүдө этият болуш керек. Мисалы, Талды-Сууда ар бир үй-бүлөгө ондон кой берип койгон, ал жактагы кыргыздардын жашоо шарты жакшы. Арасында иштин көзүн таап бай болгондор да бар. Бага турган малы болсо эле тиричилиги улана берет. Өздөрү да ошол жерлердин климатына, тиричилигине көнүп калган.

© Фото / предоставлено Tobias MarschallТобиас Маршалл: Талды-Сууда ар бир үй-бүлөгө ондон кой берип койгон, ал жактагы кыргыздардын жашоо шарты жакшы. Арасында иштин көзүн таап бай болгондор да бар. Бага турган малы болсо эле тиричилиги улана берет. Өздөрү да ошол жерлердин климатына, тиричилигине көнүп калган.
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Тобиас Маршалл: Талды-Сууда ар бир үй-бүлөгө ондон кой берип койгон, ал жактагы кыргыздардын жашоо шарты жакшы. Арасында иштин көзүн таап бай болгондор да бар. Бага турган малы болсо эле тиричилиги улана берет. Өздөрү да ошол жерлердин климатына, тиричилигине көнүп калган.

Памирликтер бизде өкмөт, мектеп, оорукана, жол жок, дары-дармек, дарыгерлер жетишсиз деп арызданышат. 2018-жылы Эраалы хан кайтыш болду. Мен аны жакшы билчүмүн, мамилебиз жакшы эле. Ал каза болгонго чейин Мургабдагы ооруканада жатканда да, кийин Памирге келгенде да жанында болдум. Спутник телефон менен Кабулга чалдым, бирок бийлик менен такыр байланыша албай койгонбуз. Биз борбор калаага чалып катуу ооруп жаткан Эраалы ханды тик учак менен алып кетсекпи дегенбиз. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап кала алган жокпуз.

— Сиз памирлик кыргыздардын миграциясын, алардын күнүмдүк турмушун изилдеген экенсиз. Дагы кайсы багыттагы изилдөөлөрдү жүргүзсө болот экен?

— Мисалы, Памирде кыргыздар кышкысын абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөп кеткен шартта жашайт. Ошондой оор кырдаалда үйдөгү иштин көбү аялдарга жүктөлөт. Алардын ролун өзүнчө изилдесе болот. Андан сырткары, саясий турмушу дагы өзүнчө чоң сөз. Памирлик кыргыздарда аксакалдар соту, курултайы бар. Ханды жалпы курултай шайлайт. Улуу Памирде бир хан болсо, Кичи Памирде дагы бир хан бар. Кыргызстандагыдай эле эли да саясатташкан. Хандарды сындашат, алардын ишине ичи чыкпагандар да болот. Памирдеги кыргыздардын арасында байы, кедейи бар. Ар бир айылдын элине колунда бар, малы көп байлар, аксакалдар баш-көз болушат. Мындайча айтканда, мурун кыргыздар колдонуп келген системаны азыркыга чейин сактап келишүүдө.

© Фото / Tobias MarschallШвейцариялык антрополог Тобиас Маршалл: Памирде кыргыздар кышкысын абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөп кеткен шартта жашайт. Ошондой оор кырдаалда үйдөгү иштин көбү аялдарга жүктөлөт. Алардын ролун өзүнчө изилдесе болот.
Антрополог Маршалл: Памирдеги кыргыз аялдардын жашоосу өзүнчө изилдөөгө татыйт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Швейцариялык антрополог Тобиас Маршалл: Памирде кыргыздар кышкысын абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөп кеткен шартта жашайт. Ошондой оор кырдаалда үйдөгү иштин көбү аялдарга жүктөлөт. Алардын ролун өзүнчө изилдесе болот.

— Сиз кыргыз элинин санжырасын да жакшы билет экенсиз. Антрополог катары айтсаңыз, кыргыздар ата-тегин изилдешет бекен?

— Памирде тейит, кыпчак, кесек, найман уруулары жашайт. Андан сырткары, майда урууларды кездештирүүгө болот. Алар өздөрүнүн тегин анча изилдешпейт экен, көпчүлүгүнүн жети атасы тууралуу кабары жок. Бирок ким менен кыз алышып-беришсе боло турганын билишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0