COVID 89 адамдан чыгып, эки бейтап көз жумду. 21-сентябрдын маалыматы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Учурда республиканын ооруканаларында 571 адам жатат. Ал эми амбулатордук түрдө 865 адам дарыланууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 21-сентябрга карата COVID инфекциясы 89 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар:

  • Бишкек — 53;
  • Чүй — 17;
  • Ош — 1;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 1;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Жалал-Абад — 6;
  • Баткен — 3.

Пандемиядан бери өлкөдө 177 869 кишиден вирус чыкты. Бир сутка ичинде 108 адам сакайып, ооруну жалпы 172 369 адам жеңди.

Жугуштуу илдет өткөн суткада эки кишинин өмүрүн алды. Баш-аягы каза тапкандар 2 592 болду.

Стационарда 571, амбулатордук түрдө 865 адам дарыланып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0