Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Атын атагысы келбеген киши милицияга саат 14:50 чамасында чалып, имаратка бомба коюлгандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе атындагы заводдун аймагынан бомба табылган жок. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлады.

"Калп айтып, коомчулукту дүрбөткөн факты Ленин райондук ИИБине катталды. Чогултулган материалдар эми УКМКга өткөрүп берилет", — деп айтты маалымат кызматынан.

Аталган жайга бомба коюлду деген кабар милицияга саат 14:50 чамасында келип түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери да барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0