Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского районаМилиция кызматкерлери Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагынан бомба издөө учурунда
Милиция кызматкерлери Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагынан бомба издөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Милицияга бомба тууралуу эки саат мурун чалуу түшкөн. Учурда заводдун аймагында издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе заводунун аймагынан бомба изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн
Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери дагы келген.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Кенен маалымат кийинчерээк берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0