Эртең Бишкектин кайсы жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр кубаты счётчиги. Архив
Электр кубаты счётчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Шейшемби күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы Бишкектин чекесинде жайгашкан айылдагы подстанциянын жана калаадагы үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын текшерип чыгат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Электр кубаты 21-сентябрь күнү Бишкектин 13 көчөсүнүн тилкелеринде болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү адистерден турган бригадалар үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын көздөн кечирип, оңдой турчуларын кайрадан карап, түздөп чыгат. Андан сырткары, Күнтуу айылындагы подстанцияны текшерет.

Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Манас проспектисинин тилкеси (№61 үй), Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алтын-Түтүн, Эртайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү), Ак-Босого конуштары, Жал-29 кичи району.
  • 09:30-18:30 — Ахунбаев (№106 А үй) көчөсүнүн тилкеси, Кара-Жыгач (Субан-Ата көчөсү) конушу.
Жаңылыктар түрмөгү
0