500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Кармалган саясатчынын инициалдары Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары аудитор болуп иштеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын дагы бир мүчөсү Н.К. алдамчылык беренеси менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, экс-депутат 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеп турган чагында алдамчылык жолу менен 500 миң долларлык кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган.

"Тергөө учурунда экс-депутат бир катар алдамчылык иштерге аралашканы тууралуу далилдер табылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Н.К. бүгүн, 20-сентябрда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурдагы парламентарийдин инициалы Кубанычбек Нурматов менен дал келүүдө. Ал 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында аудитор болуп иштеген. Андан соң "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Өткөн жылдын 29-августунда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0