"Жалал-Абад электр" ишканасынын жетекчиси алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
52 жаштагы Азамат Паизов кесиби боюнча инженер-электрик. Буга чейин ал компаниянын коопсуздук жана ишенимдүүлүк бөлүмүн жетектеп келген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Жалал-Абад электр" ишканасына жетекчи болуп Азамат Паизов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Буга чейин ал компаниянын коопсуздук жана ишенимдүүлүк бөлүмүн жетектеп келген. 52 жаштагы Паизов кесиби боюнча инженер-электрик.

Ал эми мурдагы жетекчи Дурусбек Рахманов башка кызматка которулду. Эми ал "Жалал-Абад райондук электр тармактары" ишканасын жетектейт.

"Жалал-Абад электр" ишканасы облус боюнча 242 миңден ашуун кишини жарык менен камсыздайт. Жамаатта 1,5 миңге чукул кызматкер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0