Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасы түзүлөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковБишкектеги унаа токтотуучу жай. Архив
Бишкектеги унаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Муниципалитет унаа токтотуучу жайда иштеген адамдардын кызматын компьютердик система аткарып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бул иш борбордогу унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүүгө багытталган.

Системаны биринчи кезекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, көчөлөрдө, базарларда, парктарда жана эл көп чогулган жерлерде киргизүү пландалып жатат.

"Унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык тутумдарга негизделген заманбап система менен жабдылып, адамдардын катышуусун азайтат. Бишкектеги бардык унаа токтотуучу жайлар жана токтотмолор иретке келтирилет", — деп билдирди мэрия.

Системаны иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0