COVID: 58 киши вирус жугузуп, эки бейтап көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүCOVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн убактылуу оорукананын реанимациясы
COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн убактылуу оорукананын реанимациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Кыргызстан боюнча илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 58 кишиден коронавирус аныкталып, 72 киши сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 36;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 5.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

Акыркы 24 саат ичинде эки киши каза таап, коронавирустан көз жумгандардын саны жалпысынан 2 590го жетти.

Стационарда 591 жана амбулатордук шартта 868 адам дарыланып жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0