Диетолог кофени кайсы маалда ичпеш керектигин айтты

© REUTERS / Bryan ThomasКондитерская Colson в Нью-Йорке
Кондитерская Colson в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Кофени ачкарын ичүү ичеги-карын оорулары, ашказандан бөлүнгөн ашыкча кычкыл жана гастрит менен жабыркагандарга ыңгайсыздык жаратары айтылды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Көбү таңды кофеден баштайт, бирок аны ачкарын эмес тамактан кийин ичүү зарыл. Бул тууралуу Sputnik радиосуна врач-диетолог, нутрициолог Ирина Лизун билдирди. 

Анын айтымында, бул ичеги-карын менен ашказан ооруларын алдын алат.

"Кофе туз кислотасынын бөлүнүп чыгышын шарттайт. Аны ачкарын ичсеңиз ашказан тамакты сиңире турчу ширесин бөлүп чыгара баштайт, бирок курсакта эч нерсе жок да. Ичеги-карын оорулары бар адамдарга, ашказанынан ашыкча кычкыл бөлүнүп турган кишилерге жана гастрит менен жабыркагандарга ыңгайсыздык жаратып, оорутуп, зарна кылышы мүмкүн", — деди диетолог.

Ошондой эле ал түштөнүүнү да бир чыны кофеге алмаштыруу туура эмес экенин айтып, күндүн жарымында адам күч-кубат бере турчу тамактардан жеши керектигин айткан.

Кофени тамактанып жатканда же андан кийин, болбосо шам-шум катары бир нерсе менен кошо ичүү керектигин билдирген. Ошондой эле кофени жатарга 3-4 саат калганда колдонбой эле койгон туура экенин кошумчалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0