Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрадан кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПразднование 80-летия Внутренних войск МВД в Бишкеке
Празднование 80-летия Внутренних войск МВД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Бийлик коронавирус боюнча жамааттык иммунитетти калыптандырыш үчүн элдин 70 пайыздан кем эмес бөлүгү эмдөөдөн өтүү зарылдыгын билдирген эле.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрадан кайрылып, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

"Бүгүн Кыргызстанда 69 адамда COVID-19 оорусу катталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар", — деп кайрылган ал элге.

Кыргызстандыктарды жапырт эмдөө 11-июлда башталган. Бийлик жамааттык иммунитетти калыптандырыш үчүн элдин 70 пайыздан (2,4 миллион адам) кем эмес бөлүгү вакцина алыш зарылдыгын билдирген эле. Ал эми мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандардын эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүшү керектиги айтылган. Акыркы маалыматтарга таянсак, вакцинанын биринчи компонентин 764 437 кыргызстандык алса, экинчи дозасы 565 822и сайдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0