Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан кыз. Архив
Тамеки чегип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Тамекинин ар кандай таасиринен улам сокур болуп калуу кооптуулугу да бар. Көрүүнү калыбына келтирүүгө операция талап кылынат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тамеки чеккен адамдардын көрүүсү жана угуусу начарлай турганын эскертти.

Маалыматка караганда, тамеки чегүү көздүн көптөгөн ооруларын пайда кылат. Эгер убагында дарылабаса көрүү жөндөмүн биротоло жоготуп алышы мүмкүн.

"Чылым чекпегендерге караганда чеккен адамдарда макулодистрофия илдети көбүрөөк кездешет, убакыттын өтүшү менен бул илдет көрүү жөндөмүнөн таптакыр ажыратып коёт. Аны менен катар көздүн тунук чели бозоруп кетүү тобокелдиги да жогору. Мунун натыйжасында көздүн жарык нурларын өткөрүү жөндөмү бузулат. Катаракта көздүн көрүүсүн начарлатат, аны калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу операция", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тамеки чегүүдө көздүн ичиндеги басым жогорулап (глаукома), кесепети көрүүнү начарлатары белгиленген.

Мындан сырткары, кээ бири көп учурда угуу жөндөмүн жоготуп алары да айтылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0