Машыгууларды кантип таштап салбаш керек? Спорттук психологдун кеңеши

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВозобновление работы фитнес-центров после карантина в Новосибирске
Возобновление работы фитнес-центров после карантина в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Статистика боюнча дайыма машыгууну пландаган адамдар адатта беш айдан кийин таштап салышат. Аны улантуу психологиялык жактан салыштырганда чылым же спирт ичимдиктеринен баш тартууга барабар.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Спорт менен машыгып баштоо оңой, бирок улантып кетүү кыйын. Дайыма кыймылда болууга өзүңдү кантип тарбиялашың керек экендигин Sputnik радиосуна спорттук психолог, Дене тарбия жана спорт боюнча федералдык илимий борбордун кызматкери Ольга Тиунова айтып берди.

Маалыматка ылайык, статистика боюнча дайыма машыгууну пландаган адамдар адатта беш айдан кийин таштап салышат. Аны улантуу психологиялык жактан салыштырганда чылым же спирт ичимдиктеринен баш тартууга барабар.

"Спорттук тажрыйбасы, шыктана турчу нерсе же колдой турчу адамы барлар, спорт залы үйүнө жакындар, ошондой эле машыктыруучусу жана спорттун түрү жакса, кээде оорусуна байланыштуу кыймылдашы керек болгондор машыгуусун таштабайт", — деген психолог.

Кыз талиясын ченеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты
Ошондой эле адис организмди спортко көндүрүү үчүн канча убакыт керек экенин айтты.

"Адам бир нерсени 21 күн таштабай кылса көндүм пайда болот деп айтылат. Мындан сырткары, эки айдан кийин машыгуулар жыйынтык берери жана буга шыктангандар спорттон кол үзбөйт дешет. Ошондой эле эгерде спорт залда беш айдан ашуун машыгып жатсаң, андан ары да уланта бересиң", — деген Тиунова.

Ошондой эле ал күнүнө аз убакыттан же күн алыс көбүрөөк убакыттан машыгууга кеңеш берди. Биринчиси жаңы баштагандарга, экинчиси спорттук көнүгүүлөргө көнүп калгандарга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0