Ишкер сабалып... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына байланыштуу иш кыскарды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив
Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Жазында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров ишкер Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

ОШ, 17-сент. – Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн ишкерди сабагандыгы боюнча иш "тиешелүү далилдер жок" деген жүйө менен кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш толук кыскартылган.

"Тергөөчүлөрдүн бизге берген маалыматына ылайык, аталган кылмыш ишке тиешелүү далилдер табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 12-мартында Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Абакиров калаада ишкерлик менен алектенген 39 жаштагы Иниятилла Нурматовду сабагандыгы боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн.

Арыздануучу Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров жанындагы кишилер менен бирге аны сабап кеткендигин билдирген. Факт Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Тапанчаны кармап турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Жабырлануучу Нурматовдун айтымында, ушул жылдын 12-мартында Абакиров аны төрт шериги менен кошо эч себепсиз сабаган. Окуя калаадагы кийим саткан дүкөндө болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Абакиров бул экспертизанын жыйынтыгына да нааразы болуп, комиссиялык жана комплекстүү экспертизага кайрадан өтүнүч келтиргенин маалымдаган.

Абакиров 29 жашта. Буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык "Жапалак" автоунаа базарынын директору болуп иштеген. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Күрөш боюнча спорт чебери. Эрежесиз эр таймаш боюнча мелдештерге катышкан. 2020-жылы апрелде Ош шаардык кеңешине "Биримдик" партиясынан ат салышкан. Ал Юстиция министрлигинин базасында "Аттила" спорттук клубунун жетекчиси жана түзүүчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0