19-сентябрда Масалиев көчөсүнүн бир жагы 5 саатка жабылып, 4 троллейбус жүрбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековМасалиев көчөсүндө бараткан унаалар. Архив
Масалиев көчөсүндө бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Бишкек шаары боюнча №5, 6, 10 жана 14 каттамдагы троллейбустар убактылуу жүрбөйт. Ал эми автобустардын мурдагы каттам менен ишке чыга берери айтылды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. 19-сентябрда борбор калаада жарым марафон өткөндүктөн саат 8:00дөн 13:00гө чейин Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабы менен автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө коюлат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

"Ал эми №5, 6, 10 жана 14 каттамдагы троллейбустар убактылуу жүрбөйт. Автобустар мурдагы каттам менен ишке чыга берет. Эске сала турган нерсе, автобус, маршруткалар аталган көчөнүн түндүк тарабы менен каттайт", — деп билдирди мэриядан.

Бишкек жарым марафону 19-сентябрда Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан "Газпром" спорттук комплексинен таңкы саат 8:00дө старт алат. Жалпысынан 2000 адамга ылайыкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0