Айбек Калиев менен Салайдин Авазов абактан чыкты. ЖАМК себебин түшүндүрдү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУлуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив
Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
ТЭЦти модернизациялоого байланыштуу иштин алкагында Айбек Калиев 15 жылга, Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланыштуу иштин фигуранттары болгон Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

© Пресс-служба президента КР"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов
Айбек Калиев менен Салайдин Авазов абактан чыкты. ЖАМК себебин түшүндүрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов
"Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу түзөтүү мекемесинен эркиндикке чыгарылды", — деп айтты ЖАМКтын маалымат кызматынан.

Бирок алар качан чыккандыгы тууралуу так айтылган жок.

Эске сала кетсек, Айбек Калиев 2019-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Авазов дагы ошол эле жылы, ошол эле иштин алкагында 11 жыл 3 айга кесилген. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0