Дүйнөлүк тазалык күнү. Министрлер кабинети ишембиликке чыгат

© Sputnik / Рамиль СитдиковЖалбырактарды тазалап жаткан кыз. Архив
Жалбырактарды тазалап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети 18-сентябрда белгиленчү Дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган эл аралык экологиялык акцияга кошуларын маалымдап, кыргызстандыктарды өлкө боюнча жарыяланган масштабдуу ишембиликке активдүү катышууга чакырды.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат.

Бишкек шаарынын сейил бактарынын бириндеги дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Бишкектеги бак-дарактар каттоого алынат. Ыктыярчылар керек
Дүйнөлүк тазалык күнү Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты – экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылыш ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды колдонууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

Үстүбүздөгү жылы масштабдуу иш-чарага даярдануу алкагында экологиялык кампанияны уюштурган "Эко Деми" коомдук фонду республиканын шаарларындагы жана аймактарындагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыкты, аны ыктыярчылар тазалашат. Бишкек шаарында 100 түйүн аныкталган, эс алуучу жайлардагы таштанды активисттер тарабынан тазаланмакчы.

Ар бир каалаган адам акциянын катышуучусу боло алат, жарандар өз турак-жайларынын аймагын, парктарды жана эс алуу жайларын тазалоого катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0