Бишкек: Октябрь районунун жашоочулары таштанды боюнча төлөмдү кимге төгөрү аныкталды

© пресс-служба мэрии города БишкекВывоз мусора в Бишкеке
Вывоз мусора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасы менен "Комтранском" ЖЧКсы сүйлөшүп, анын негизинде тараптар доо арыздарын алган. Маселе чечилип, анын жыйынтыгы шаардыктарга жарыяланды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь районунун жашоочулары таштанды үчүн төлөмдү мурдагыдай эле "Комтранском" ишканасына төкмөй болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы менен "Комтранском" ЖЧКсы сүйлөшүп, анын негизинде тараптар доо арыздарын алып, андан сырткары аталган компаниянын Октябрь районунда ишин улантуу туурасында тараптар макулдашты", — деп айтылган маалыматта.

Мэрия бул боюнча Октябрь районунун жашоочуларына кайрылды.

"Урматтуу шаардыктар, сиздерди жана чарба субъектилерин таштандыны алып кетүү кызматы үчүн акыны "Комтранском" ЖЧКсына төлөөнү сунуштайбыз", — деп өтүнгөн мэрия.

Эки жак финансылык милдеттер боюнча макулдашкан. "Комтранском" аталган райондо контейнер коюучу аянттарды жана таштанды контейнерлерин колдонгону үчүн каражат төлөйт жана таштандыны өз учурунда алып кетүүгө милдеттүү.

Эгемендүүлүк майрамынан кийин борбор калаадагы Ала-Тоо аянтын тазалагандар түндө төрт тонна таштанды чыгарышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Майрамдан кийин "Ала-Тоодон" канча таштанды чыкты. Сүрөт
Мэриядан аталган аянтчалар Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын насыя акчасына жасалганын билдирди. 3,0 млн. евро борбор шаардагы таштандыларды чогултуп жана ташып кетүү системасын жакшыртуу үчүн алынганын айтты.

Эске салсак, буга чейин аталган Октябрь районунун тургундарына "Комтранском" ЖЧКсы менен "Тазалык" муниципалдык кызматынан эки квитанция келип жатканы маалым болгон. Мындан улам шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөшү керектигин билбей жатышкан. Жеке компания менен "Тазалыктын" ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан бул суроого так жооп жок болуп чыккан. Бирок кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таштанды үчүн эки квитанция алган Октябрь районунун жашоочуларынан азырынча акча төлөбөй турууну өтүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0