Акжол Махмудов жардамга муктаж Аруузатка 15,6 миң доллар берди

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов. Архив
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Каражаттын 30 пайызы "Апаке" фондуна, 10 пайызы ак илбирсти коргоо боюнча иш-чарага жумшалганы айтылды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов трикосун сатуу боюнча аукциондо чогултулган каражатты кайрымдуулукка жумшады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Акжол Махмудов🇰🇬 (@akzhol_makhmudov)

Аукцион 25-августта Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашкан. Спорттук костюмдун баштапкы баасы 50 доллар деп белгиленип, трико 6,5 миң долларга сатылган. Анткен менен форумдун катышуучулары Махмудовго дагы 19,5 миң долларды кайрымдуулукка жумшоо үчүн чогултуп беришкен.

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Акжол Махмудов Ош шаарында өспүрүмдөргө ачык машыгуу өткөрдү. Видео
Убадалагандай Махмудов каражаттын 15,6 миң долларын Аруузаттын үй-бүлөсүнө берген. Бул — аукциондо чогултулган жалпы акчанын 60 пайызы. Ал эми 30 пайызы "Апаке" фондуна, 10 пайызы ак илбирсти коргоо боюнча иш-чарага жумшалган.

Белгилей кетсек, эки жаштагы Аруузат сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркайт. Аны дарылоого 2,5 миллион доллар керек. Жети айдын ичинде Кыргызстан боюнча керектүү сумманын 40 пайызы гана чогултулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0