Баткенде мектеп, бала бакчаларды оңдоттук деп 38 млн. кымыргандар аныкталды

© Sputnik / Владимир Горовых / Медиабанкка өтүүМектеп кабинетине ремонт жасап жаткан жумушчу. Архив
Мектеп кабинетине ремонт жасап жаткан жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Прокуратура билдиргендей, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери социалдык объектилерде курулуш жүрдү деп миллиондогон каражатты жеке жактарга мыйзамсыз которушкан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекет 38 миллион сомдон ашык зыянга учурады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тендердин шарттарын бузган.

"Тагыраагы, кызматкерлер алты социалдык объектиде иштер аткарылды деп миллиондогон каражатты жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберишкен", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз сарпталган каражаттар:

  • Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 695 273 сом;
  • Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 761 660;
  • Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 678 267;
  • Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 160 094;
  • Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 666 267;
  • Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 153 047.

Аталган факты Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0