Мыйзам долбоорлоруна комментарий жазып талкуулаңыз. Бирдиктүү портал ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Портал 2022-жылдын 1-январына чейин пилоттук долбоор катары, андан кийин кошумча-алымчасы менен толук кандуу иштейт.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Юстиция министрлигинин Экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын адиси Айнура Сулайманова укуктук ченемдик актылардын долбоорун талкуулоо максатында ачылган бирдиктүү портал тууралуу маалымат берди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курган.

Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Өкмөт ишкер, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти
Сулайманованын айтымында, порталга аткаруу бийлиги иштеп чыккан (Жогорку Кеңешке түшө элек) мыйзам долбоорлору жайгаштырылат. Ал жерден долбоордун тексти менен таанышууга, зарыл болгон учурда аны жүктөп алууга болот. Ошондой эле сын-пикирлерди жана сунуштарды калтырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Онлайн түрүндө комментарий жазуу үчүн бирдиктүү порталга электрондук дарек, социалдык тармактар аркылуу катталуу зарыл.

"Коомчулукта мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу көп актуалдуу болбогонуна байланыштуу 2020-жылы өкмөттө бирдиктүү портал иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Мында жарандардын коомдук талкууга активдүү катышуусу, мыйзамдардын сапаты каралган. Мурда документти өкмөттүн сайтына жайгаштырганда эл кирбей, сунуш-пикирлер көп түшчү эмес. Мындан улам мыйзам, токтом долбоорлорунун аягына "сын-пикирлер түшкөн жок" деп жазчубуз. Азыр баарын бириктиргенден кийин сунуштарын берген жарандар көбөйө баштады", — деди Сулайманова.

Аталган портал мындан бир жыл мурун ачылган. 2022-жылдын 1-январына чейин пилоттук долбоор катары, андан кийин кошумча-алымчасы менен толук кандуу иштейт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0