Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты

© Фото / UWW / Kadir CALISKANОлимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архивное фото
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Кечээ күндөн бери Facebook тармагындагы Aisulluu Tynybekkova аталышындагы аккаунт белгилүү балбандын сүрөт, видеолорун жүктөп оюн уюштурган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагында анын атынан фейк баракча ачылып, алдамчылык менен акча табуунун аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Aisulluu Tynybekkova аталышындагы аккаунт спортчунун сүрөт, видеолорун жүктөп оюн уюштурган. Анын "Сүрөттөгү санды болжой алган биринчи 700 адам 10 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Сага ийгилик каалайм" деген видеосун бир суткада 400дөн ашуун адам бөлүшкөн.

"Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адам акцияга катышып жатканы көрүнүп турат", — деп Тыныбекова расмий баракчасына жазган.

Спортчу жалпы катталуучуларынан фейк баракчага кирип, "Пожаловаться" баскычын басып коюуну суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0