Ошто мектептердин жанындагы жолдорго окуучулардын манекени коюлууда. Сүрөт

© AFP / SPENCER PLATTЖолдон өтүп бараткан бала. Архив
Жолдон өтүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Эгер пилоттук долбоор эффективдүүлүгүн көрсөтө турган болсо манекендер өлкөнүн башка аймактарында, анын ичинде Бишкекте дагы колдонулат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ошто жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептердин жанындагы жөө адамдар өтө турган жерлерге окуучулардын манекени орнотулуп жатат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)

Манекендер мектептин балансына берилди. Окуу мекемесинин администрациясы белгиленген убакытта жолго коюп турат.

"Эгер пилоттук долбоор эффективдүүлүгүн көрсөтө турган болсо, манекендер өлкөнүн башка аймактарында дагы колдонула баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошто 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Салам, мектеп!" рейди жүргүзүлүп, анын алкагында окуучуларга жол эрежелерин түшүндүрүү иштери аткарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0