20:48 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
93 0 0

Борбор калаадагы драмтеатр эки жыл мурун эле ремонттолуп баштаган. Ортодо пандемияга байланыштуу оңдоо иштери үзгүлтүккө учураган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Улуттук драмтеатрдын имаратын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 миллион 722 900 сом бөлүнгөн.

"2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам республикалык бюджеттен каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган", — дешти министрликтен.

Учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүп жатат. Имаратты театрдын түптөлгөнүнүн 95 жылдыгына карата ачуу пландалууда.

Ал эми өзбек музыкалуу драма театры жаңыдан ремонттолуп баштады. Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын март айында Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында маданият тармагы да талкууланып, анда мамлекет башчылары аталган театрдын имаратын толугу менен оңдоп-түзөө боюнча макулдашышканы белгиленет.

"Бул боюнча эки өлкөнүн маданият министрлери бир катар сүйлөшүүлөр жана жолугушууларды өткөрүп, долбоорду ишке ашыруу башталды. Ремонт иштерин Өзбекстан каржылайт", — деп айтылат маалыматта.

Театрды анын 100 жылдыгында ачуу пландалууда.

Тема боюнча

Таласта Айтматов атындагы үч кабаттуу эл аралык китепкана салынат. Сүрөт
Белгилер:
Бишкек, Ош, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, театр, оңдоо, ремонт

ЭҢ МААНИЛҮҮ