Жактоочу: Курсан Асанов кайрадан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан
Интервью Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Экс-министр 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып кармалып, бирок үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул туурасында Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Sputnik Кыргызстанга билдирди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
1200 доллар сураган. Ошто эки мугалим пара алууга шектелип кармалды
Жактоочу Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалгандыгын, эми баш коргоо чарасы караларын айтты.

ЖМКлар Асановду ИИМ кармагандыгын жазышууда, бирок министрликтин маалымат кызматынан комментарий бере элек.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.  

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0