Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда
 Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Бирок 2020-жылы пандемиядан улам токтоп, кайрадан жанданып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогНа 246-м километре трассы Бишкек — Ош строят снегозащитную галерею (тоннель) закрытого типа
 Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогНа 246-м километре трассы Бишкек — Ош строят снегозащитную галерею (тоннель) закрытого типа
Билдирмеге караганда, анын узундугу 460 метр - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирмеге караганда, анын узундугу 460 метр
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогНа 246-м километре трассы Бишкек — Ош строят снегозащитную галерею (тоннель) закрытого типа
Министрлик подрядчыны тандоо боюнча тендер 2018-жылы өткөнүн белгилеп, аны япониялык DAI Nippon-Iwata Chizaki JV компаниясы утканын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Министрлик подрядчыны тандоо боюнча тендер 2018-жылы өткөнүн белгилеп, аны япониялык DAI Nippon-Iwata Chizaki JV компаниясы утканын кошумчалады.
1/3
Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган тоннель салынууда
2/3
Билдирмеге караганда, анын узундугу 460 метр
3/3
Министрлик подрядчыны тандоо боюнча тендер 2018-жылы өткөнүн белгилеп, аны япониялык DAI Nippon-Iwata Chizaki JV компаниясы утканын кошумчалады.

Билдирмеге караганда, анын узундугу 460 метр.

"Курулушка каражатты (39, 2 миллион долларды) Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөн. Тоннель өзгөчө кырдаал жана жаратылыш кырсыктарынан улам жаралган тобокелдикти азайтуу максатында салынууда. Долбоордун алкагында тоннелге барчу жолдун эки жагы да жасалат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик подрядчыны тандоо боюнча тендер 2018-жылы өткөнүн белгилеп, аны япониялык DAI Nippon-Iwata Chizaki JV компаниясы утканын кошумчалады. 2019-жылы иш башталып, бир жыл ичинде жер казуу иштери жасалып, жалпы жумуштун 25 пайызы бүткөн. Бирок 2020-жылы пандемиядан улам иш токтоп, быйыл кайра башталганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0