Калк үчүн электр энергиясынын тарифи ошол бойдон калат. Түшүндүрмө

© AFP / SEBASTIEN BOZONЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Октябрь айынан тарта электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты киргизүү пландалып жатат. Ага ылайык, айрым абоненттер үчүн баа өзгөрөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл электр энергиясы калк үчүн кымбаттабай турганын эске салды.

"2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомго ылайык, эл үчүн бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы 0,77 сом бойдон калат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин министрдин орун басары Тилек Айталиев быйылкы жылдын октябрь айынан тарта электр энергиясын жаңы тариф менен жашоо-тиричилик эмес, өнөр жай үчүн колдонгон абоненттер төлөй башташы мүмкүн экенин айткан.

Сунушталган тарифтер

"Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, эл үчүн бирдей баа — бир киловатт-сааты 1,09 сом болмок. Бирок коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түшүп, көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнгөн.

Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:

  • калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
  • бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.
  • суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот.

2022-жылдан тарта акыркы керектөөчүгө тарифтерди өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүп туруу сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0