Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

CC BY 2.0 / Bryan Brenneman / candle lightШам. Архив
Шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Эртең, 15-сентябрда, Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтына жарыяланды.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-13:00 — Калык Акиев, Киев, Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 09:00-17:00 — Достук кичи районунда, Манас  көчөсүнүн бир бөлүгүндө (№61 үй);
  • 09:00-18:00 — Тимур Фрунзе, Гагарин, Виноградный, Крылов, Аммосов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Алтын-Бешик, Көлмө (Медина, Ак-Жол, Республика көчөлөрүндө), Ак-Өргө (Тимур Фрунзе, Огуз-Ата, Кырк-Кыз көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй көчөсүндө), Арча-Бешик (Камбар-Ата көчөсүндө) конуштарында;
  • 09:30-12:00 — Ахунбаев көчөсүндө (№108 үйдө);
  • 09:30-17:00 — Көк-Жар конушунда (Боогачы, Босого, Молдокулов, Сайма-Таш, Көк-Жаңгак, Достоевский, Көк-Жайык көчөлөрү);
  • 09:30-18:50 — Токомбаев, Байтик баатыр, Жукеев-Пудовкин, Элебесов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Дорожный туюк көчөсүндө жана Кайыңды конушунда;
  • 13:00-17:00 — Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө (№108 А үйүндө).
Жаңылыктар түрмөгү
0